Жаңылыктар
Таджикстандын Мургаб аймагында көчмөндөрдүн фестивалы өттү
Маданият
Таджикстандын Мургаб аймагында көчмөндөрдүн фестивалы өттү

Таджикстандын Мургаб аймагында көчмөндөрдүн фестивалы өттү. Аталган аймакта илгертен кыргыз эли жашап келет.

Фестивалды уюштурууда Тажикстандагы этникалык кыргыздар улуттук баалуулуктарды, элдик каада-салт жана ар кандай оюн зоокторду көрсөтүштү.

Чеберлер өздөрүнүн жасаган иштерин тартуулады. Этникалык кыргыз Акжол Кудайбердиевдин айтымында, "кыз куумай", "көк бөрү", "тыйын эңмей", "аркан тартыш" жана "эр эңиш" аттуу улуттук оюндар уюштурулган.

Белгилей кетсек Мургаб аймагында 11 миң 400 этникалык кыргыз жашайт.