Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Эшме жайлоосунда 15 сантиметрге жеткен кар жаады.
Мындан сырткары 17-августта күндүзү Арабел жайлоосунда да кар жаап , анын калындыгы 50 сантиметрге жетти.
Бул маалыматтан кийин жайлоодогу адамдарды жана мал жандыктарды куткаруу үчүн ӨКМ өкүлдөрү барышкан. Бактына жараша жабыркагандар жок. Азыркы тапта эки куткаруучу кызматкер жайлоодо.