Жаңылыктар
Кабул шаарындагы жанкечти жасаган жардыруу 63 адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Кабул шаарындагы жанкечти жасаган жардыруу 63 адамдын өмүрүн алды

Жардыруу Кабулдагы үйлөнүү үлпөт залында болду. Ооганстандын ички иштер министринин өкүлү Насрат Рахими жарылуу залдын эркектер жайгашкан тарабында болгонун, жарадарлардын арасында жаш балдар менен аялдар бар экенин кабарлады. 

Кырсык болгон жерде болжол менен 1000ден ашык киши болгону айтылат. Жарылуу шииттер көбүнчө өзүн коопсуз сезген Кабулдун райондорунун биринде жайгашкан «Дубай Сити» үлпөт залында болду. «Талибан» кыймылы бул кыянатчылыкка тиешеси жок экенин билдирди.