Жаңылыктар
"Манас таануу" таймашы жаңы форматта
Билим
"Манас таануу" таймашы жаңы форматта

Коомдук биринчи каналдын интеллектуалдык "Манас таануу" таймашы жаңы форматта, заманбап жаңыланып тартыла баштады. Мектеп окуучуларынан атайын түзүлгөн командалары таймашып, "Манас" эпосунун үчилтиги байланышкан суроолорго жооп беришет. Калыстар курамын кыргыз элине таанымал манасчылары түзөт.

"Манас" - кыргыз элинин энциклопедиясы деп бекеринен айтылган эмес, себеби "Манас таануу" интеллектуалдык телетаймашында бир гана улуу эпос менен гана таанышпастан, логикалык ой жүгүртүү, кыргыздын жер-суу аттарынын мурдагы аталыштары, кооно сөздөр, кыргыздын каада-салты жана макал-лакаптарды үйрөнө алабыз.

Жакынкы арада телетаймаштын заманбап чыгарылыштарына күбө боло аласыздар. 

Жаңы форматтагы оюндан сүрөтбаян: