Жаңылыктар
Жети-Өгүз районунда үч күн, үч түн айтылган "Манас айтуу" жыйынтыкталды
Маданият
Жети-Өгүз районунда  үч күн, үч түн айтылган "Манас айтуу" жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында үч күн, үч түн айтылган "Манас" жыйынтыкталды. Бул иш-чара жыйырманчы кылымдын гомери, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган. 

Мында Кыргызстандын бардык облустарынан жыйырма манасчы келип, тынбай манас айтышты. 

Мындан сырткары манасчылар эпос тууралуу кеп курушту. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө эки китептин бет ачары болду. 

Анын бири орус тилиндеги "Код вечности в феномене Манасчы" аталышындагы Саякбай Каралаевди көрүп, аны менен замандаш болгон адамдардын эскерүүсү жазылган китеп. Бул иш-чара “Саякбай манасчы” коомдук фонду, "Тосор" жана "Дархан" коомдорунун демилгеси менен уюштурулган.