Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, жер 19-августта таңкы саат 5:37де силкинген.
Ак-Талаа районунун Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 балл, Баетов, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.