Жаңылыктар
Муфтиятын Россиядагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды
Дин
Муфтиятын Россиядагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Россиядагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. 

Жусубалиев эки элдин ынтымагын бекемдөө жана ал жакта эмгектенген кыргызстандык мекендештерге динди туура жеткирүү боюнча бир катар иштерди алып бармакчы.

Жаңы дайындалган өкүл августтун соңүнда Орусиянын Иркутск, Якутск шаарларында эмгектенген кыргызстандык мекендештер менен жолугушууларды өткөрмөкчү.