Жаңылыктар
Стамбулда кыргызстандык сойкулар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Стамбулда кыргызстандык сойкулар кармалды

Турцияда сексуалдык  кызмат көрсөтүп жүргөн 11 кыргызстандык кыз, ал өлкөнүн аймагынан чыгарыла элек. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан билдирилген маалыматтарга караганда, кыздарды ал  жакка сексуалдык кызмат көрсөтүүгө эч ким мажбурлап алып келген эмес, өз ыктыярлары менен келишкен. Азыркы күндө аларды өлкө аймагынан  чыгарууга  аракеттер жасалууда, апрель айында  булардан башка  дагы эки кыз түрк полициясы  тарабынан сексуалдык  кулчулуктан куткарылды, - деп билдирилет маалыматта. Республиканын ички иштер министрлигинин тиешелүү кызматтары  быйыл 3 ай ичинде 6 жолу адам сатуу  боюнча  факты катталып, анын ичинен 3  фактыга сексуалдык  кулчулук боюнча кылмыш иши козголгондугун айтышты.

Сексуалдык кызмат көрсөтүү  байыркы кесип экендигы тарыхый маалыматтарда белгиленип келет. Бул кесип бир эле аялзатына мүнөздүү болбостон, эркектер, атүгүл  жаш балдар-кыздарды зордоп кызмат көрсөткөн  көрүнүштөр кеңири учурайт. Байыркы заманда  сойкулук менен алектенгендерди коомчулук билип, өзүнчө имараттарда жүргүзүлүп келсе, ал доордон азыркынын айырмасы  кыздарыбыз ачыкка чыгып калышкан. Турмуш-шарттын оордугун шылтоологон кыздар эле эмес,  үй бүлөлүү келиндер  жеңил акча табуунун  жолун тандашкан.

“Мага Турцияга  барууга сунуш түшүп калды. Чет өлкөгө жогорку маянаны сунуштап жумушка  чакырган жарыялардын түпкү  максатын кыздардын бардыгы  билишет. Мен   алардын бири болчумун. Алар мага Турцияга баруунун шартын түшүндүрүп  беришти. Бир күндүн ичинде паспортум даяр, билетим алынуу, ал жакта кайсыл жерде иштериме чейин айтышты. Ошентип Турцияга барып, барделде иштей баштадым.  Күнүнө 200-300 долларга чейин тапчумун. Кыздарды сексуалдык кызмат көрсөтүүгө кетирип  жаткандар бул жактын эле жарандары”.

 Турцияда денесин саткан бул адам  үй бүлөлүү эки баласы  бар. Жолдошу буга чейин чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кезде Бишкекте сойкулук менен алектенип жүргөндүгүн ал жашырбайт. Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Турцияда сексуалдык кулчулукка  кабылган 11 кыргызстандык  кыз бошотулгандыгы тууралуу маалыматтар жарык көргөнү маалым. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун  консулу  Руслан Молдакуновдун буга өз жообу бар. Анын айтуусунда, бул кыздар ал жакта кулчулукка кабылышкан эмес, өз ыктыярлары менен кызмат көрсөтүп жүрүшкөн.

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Саламат Адылов,  аэропорт, темир жол вокзалдарына атайын  операцияларды  өткөрүү учурунда сексуалдык кызмат көрсөтүүгө  кетип жаткан кыздардын аракетине таң калгандыгын жашырбайт. Милиция кызматкерлерине  каршылык көрсөткөн кыздар ал жактан үйрөнүп келишип, бул жерден кыздарды алдоо жолу менен дене сатуу кулчулугуна жиберип жаткан  учурларды  айтат.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү  күндө сойкулардын саны 900 дөн ашык. Алардын  50-70%ы студенттер жана алардын көпчүлүгү  өлкө аймагында, айрымдары бейшемби күну кечинде Алматыга барып, дем алыш  күндөрү сауна, салондордо иштеген. Өкүнүчтүүсү  арасында жашы жете элек кыздардын бар  экендигинде. Дарыгерлер сексуалдык кызмат көрсөткөндөрдүн  60%ы  жыныстык жактан ар кандай жугуштуу дартына чалдыгышарын маалымдашат.

Г.Каражанова, “Биринчи радио”