Жаңылыктар
Милиция 19 жаштагы кызды кулчулуктан куткарып калды
Кылмыш
Милиция 19 жаштагы кызды кулчулуктан куткарып калды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери 19 жаштагы кызды кулчулуктан куткарып калышты. Милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун билдиргени боюнча, Жалал-Абад шаарында белгисиз аял жаш кызды сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат тастыкталып, Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну 19 жаштагы кызды 100 миң сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган.

"Биздин криминалдык милиция кызматкерлери сатуучу болуп, маалыматты текшерип көрүшкөн", - деди милиция өкүлү.

Кыз сатууну каалаган аял жаш кызды 100 миң сомго баалап,  ата-энеси, сурап алар жакындары жок экенин айткан. Натыйжада, кызды тез арада куткарып калуу операциясы иштелип чыгып, милиция кызматкерлери алармандын ролунда сатуучу аял менен байланышка чыгышкан. Акыры аял 100 миң сомдон баасын түшүрүп, нак акча болсо 50 миң сомго эле сатмай болгон.

Сыдыковдун маалыматында, 14-август күнү алдын-ала даярдалган акчаны берүү учурунда, Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманкананын короосунда «сатарман» аял кармалып, жанынан тиешелүү суммадагы акча чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя «Киши сатуу» беренеси менен катталып, тергөө иштери башталды.

Кылмышка шектүү аялдын бөгөт чарасы 16-августта Ош шаардык соту тарабынан каралып, тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыкты. Кулчулукка сатылып кете жаздаган 19 жаштагы кыз бошотулуп, учурда анын жакындары такталууда. Ал азыр убактылуу баш калкалоо жайында психологиялык жардам алып жатат.