Жаңылыктар
Кыргызстандык волейболчулар Азия мелдешинде
Спорт
Кыргызстандык волейболчулар Азия мелдешинде

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, мелдеш 25-августка чейин уланат.

Бул чемпионатка катышуу үчүн Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекциясынан 1 миллион 614 миң. сом каралган.

Кыргызстандын намысын 15 спортчу коргоп жатат. Аларды бир машыктыруучу менен бир калыс коштоп барган.