Жаңылыктар
Кой-Таш айылындагы окуяларга берилген баа
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш айылындагы окуяларга берилген баа

POST1RIGHT

Учурда Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта. Биринчи Май райондук соту мурдагы президентти 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Кийин Атамбаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту да өзгөртүүсүз калтырды. 

13-августта Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге карата "Массалык башаламандык уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Барымтага алуу", ага катар адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана бейбаштык боюнча бир катар оор беренелер менен кылмыш иши козголгонун билдирген.