Жаңылыктар
Кой-Таштагы окуяда жергиликтүү тургундун каза болгону тууралуу маалымат жалган
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таштагы окуяда жергиликтүү тургундун каза болгону тууралуу маалымат жалган

7-8-августта Кой-Таштагы окуядан кийин медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын арасында Курманбек уулу Мирландын аты-жөнү жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Бүгүнкү күндө мекеме бир гана жабырлануучунун өлүмүн тастыктайт - ал УКМКнын атайын бөлүгүнүнүн жетекчисинин орун басары Үсөн Ниязбеков" - деп белгилеген Саламаттык сактоо министрлиги.

Дагы бир адамдын өлгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мекеменин маалыматында, ал күндөрү медициналык жардам алуу үчүн ар кандай деңгээлдеги жаракат менен 139 адам кайрылган. Кайрылгандардын баарына зарыл жардам көрсөтүлгөн.

Стационардык дарылоо үчүн Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы медициналык мекемелерге жаткырылган. Бүгүнкү күндө Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда - 4, Улуттук госпиталда 6 адам дарыланууда деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Ошондой эле, 14-15-августта ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бригадасынын дарыгерлери Кой-Таш айылында эшик алдында текшерүү жүргүзүшкөн. Анда үй ээлери медициналык жардамга муктаждар жок экенин билдиришкен.