Жаңылыктар
Алтай элдеринин симпозиумуна 15тен ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Алтай элдеринин симпозиумуна 15тен ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышууда

Алтай элдеринин каада-салты, үрп-адаты, ырым-жырымдары жана тарыхы ар тараптан изилденүүгө тийиш. Бул максатта алтай элдеринин эл аралык 8-симпозиуму бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында башталды. Иш-чарага 15тен ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

Алтай элдеринин 8-симпозиумуна 15 өлкөдөн 200дөн ашык делегат катышты. Алар Түркия, Монголия, Орусия, Казакстан, Корея, Жапония, Кытай жана башка мамлекеттерден келген. Катышуучулардын арасында Назарбаев борборунун илимий кызматкери, философ Газиз Телебаев да бар. Ал түрк элдери ыйык деп эсептеген жаныбар - жылкылар тууралуу доклад жазып келген.