Жаңылыктар
Кулпунай өстүрүп, пайда табуу ыкмасын өздөштүргөн дыйкандар
Айыл чарба
Кулпунай өстүрүп, пайда табуу ыкмасын өздөштүргөн дыйкандар

Аянты аз жерди да туура иштетүү менен жакшы киреше табууга болот. Сузак районунун дыйкандары кулпунай өстүрүп, пайда табуу ыкмасын жолго коюп алышкан. Атабеков, Ырыс жана Сузак айыл аймагынын дыйкандары азыркы тапта кулпунайдын үчүнчү теримин баштады.

Гулийпа Мадымарова 4 жыл мурда 10 сотык жерине кулпунай өстүргөн. Анча чоң эмес аянтка айдаган кулпунайдын түшүмүн жылдын май айынан баштап, октябрь айына чейин терип, сатат. Азыркы учурда үчүнчү терими башталды. Сатуу жагы ички базарга кетет. Быйыл жүз миң сомдой таза киреше тапкан. Алдыга дагы 4-терим бар.

Мурда жүгөрү отургузуп, пахта тиккен дыйкандардын көбү кулпунай өстүрүүгө ыктап баштаган. Кулпунайдын көчөтүн 4-5 жылда бир жолу жаңылап туруш керек. Ошондо түшүмдү жакшы берет. Май айынан баштап теримге кирген бул өсүмдүк, кеч күзгө чейин быша берет. Кулпунай салкын аба ырайын жактырат. Сууну көп талап кылат.