Жаңылыктар
Элет өнүксө, мамлекет өнүгөт
Айыл чарба
Элет өнүксө, мамлекет өнүгөт

Нарын шаарынын чет жактарындагы айылдардын тургундары үчүн сүттү облус борборундагы сүттү кайра иштетүүчү заводго тапшыруу пайдалуу. Анткени элеттегилердин азыгын ишкана ыңгайлуу баада кабыл алат. Заманбап жабдуулар менен жабдылган завод учурда сүттүн бир литрин 23 сомдон алып жатса, кийинчерээк өндүрүш кеңейгенден кийин 25 сомдон ала баштайт.

Нарын районундагы Миң-Булак айылында күзүндө санитардык талаптарга жооп берген заманбап жаңы мал базары ачылганы турат. Бул жерге коңшу Ат-Башы, Ак-Талаа райондорундагылар да келип малын сатса болот. Жаңы базар эл аралык уюмдардын көмөгү менен курулууда.

Жыл өткөн сайын Теңир-Тоодо малдын башы көбөйүүдө. Азырынча Европа Азия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө эт азыктарын көп көлөмдө экспорттоого мүмкүн болбой келүүдө. Бул маселе чечилип жолго коюлса Нарын облусунун дыйкан, фермерлери сүт жана этти сыртка эскспортко чыгарууга даяр.