Жаңылыктар
Тоң районунда төрт мектеп салынууда
Билим
Тоң районунда төрт мектеп салынууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда республикалык бюджеттин эсебинен төрт мектептин курулушу жүрүп жатат. 

Анын бири Кара-Коо айылында 49 миллион сомго бааланган, 350 орунга ылайыкталган билим берүү мекемеси. Окуу имараты спорт залы менен салынууда. 

Мындан сырткары Кажы-Саз айылында да мектеп имаратынын курулушу жүрүүдө. Буга бюджеттен 21 миллион сом каралып, бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат. Эки мектептин имараты 2020-жылы ишке берилет. 

Ал эми быйыл Тогуз-Булак жана Ак-Терек айылдарында жаңы мектеп имараттарынын курулуш иштери башталып, быйылкы жылга тиешелүү каражаттары бөлүнүп берилген.