Жаңылыктар
Лейлек районунда эгилген кылкандуу дан эгиндери жыйналууда
Айыл чарба
Лейлек районунда эгилген кылкандуу дан эгиндери жыйналууда

Лейлек районунда 18 миң гектардан ашуун жерге эгилген кылкандуу дан эгиндери жыйналууда. Аба ырайынын жаанчыл болгонунан дыйкандар кайрак жерден да бул жылы мол түшүм алышууда. 

Былтыркы жылы гектарынан 15 центнер буудай алынган болсо быйыл 18 центнерге чейин түшүм берген. Буга кылкандуу дан эгиндеринин жаңы сортторун эгүү да себеп болгон. 

Район боюнча оруп-жыйноо иштерине 46 комбайн тартылып техника жагынан тартыштык жок экенин район акими билдирди. Бүгүнкү күндө 70 пайыздан ашуун жер аянтындагы дан эгиндери жыйналып бүттү.