Жаңылыктар
Сентябрь айында Кыргызстанда кошумча эс алуу күндөрү болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Сентябрь айында Кыргызстанда кошумча эс алуу күндөрү болбойт

2019-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда кошумча эс алуу күндөр болбойт. 

Мындай чечимди өкмөт 2018-жылдын декабрь айында кабыл алган. 31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамы (календарда кызыл болуп белгиленген) ишембиге туш келгендиктен 2-сентябрь, дүйшөмбү, эс алуу күн болушу керек эле. 

Бирок дем алыш күндөрдү туура колдонуу үчүн аны 4-январга жылдырышкан. Башкача айтканда, 2019-жылдын январь айында кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан. 

Мыйзамга ылайык, эгер майрам ишемби же жекшемби күнгө туш келип калса, кийинки иш күн дем алыш болот.