Жаңылыктар
Зилалиев дагы бир ишке шектелүүдө
Саясат
Зилалиев дагы бир ишке шектелүүдө

Алмазбек Атамбаев аралашты делген кылмыш иштеринин бири боюнча Дүйшөнбек Зилалиев да шектелип жатат. Башкы прокуратура тараткан маалыматта Зилалиев Мамлекеттик геология агенттигин жетектеп турган учурда, мурдагы мамлекет башчысы менен сүйлөшүп алып, Чаткалдагы сурьма кенин иштетүү укугун “Хуасинь” компаниясына ыйгаруу тууралуу мекеменин статс-катчысына тапшырма бергени айтылат.

Жасалма тендердин натыйжасында мамлекетке 130 миң доллар гана төлөнгөн. Ал эми кенде сурьманын 103 миллион долларлык кору бар экени аныкталган. Аскер прокуратурасы бул иш боюнча Зилалиевге шектүү катары маалымдама тапшырды.