Жаңылыктар
Балык багуу – пайдалуу киреше булагы
Аймак
Балык багуу – пайдалуу киреше булагы

POST1RIGHT

Таласта киреше табуунун булагы катары балык чарбасын өздөштүрүү жолго коюлган. Эшенкул Ырсалиев бул балык чарбаны жаңыдан гана түптөп жатат. 2017-жылы айылдын четиндеги чакан көлмөнү мыйзамдаштырып, 4 миң чабак таштаган . Ар бир чабакты 10 сомдон сатып алган. Жыл өтпөй ал чабактар 900 граммга чейин жетилип, каарманыбыз 1 килосун 400 сомдон сатып, киреше тапканын айтат.

Ошентсе да, ишкер биринчи партиядан 100 миң сом пайда көргөнүн айтат. Ошондуктан кийинки жылы май айында 7 миң чабак таштап, дагы бир көлмөнү жасап алды. Бул саам бир чабакты 23 сомдон башка чарбадан сатып алган. Бирок, биринчи партиядагыдай бул чабактар тез жетиле албай жатат.

Кардарлар ушул эле аймактан табылат. Өзүлөрү балык кармап, үй-бүлөсү менен мында эс алууга келгендер арбын. Ошондуктан ишкердин уулдары бул чөлкөмдү туристтик аймакка айландырууну көздөп жатышат.

Чарбаны эми гана түптөп жаткан үй-бүлө кубулма форелдерди багышат. Ишкер 400 миң сом насыя алып, анын 150 миң сомуна чабактарды сатып алган, калганына балыктын атайын байытылган жемин сатып келген. Жемди алты маал берет. Жаңы жыл алдында балыктар сатыкка чыгарылып, кайра жаңы чабактарды таштоо пландалып жатат.