Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү ири ирригациялык долбоор ишке ийгиликтүү ашууда
Аймак
Ысык-Көлдөгү ири ирригациялык долбоор ишке ийгиликтүү ашууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жалпы 20 миң гектардан ашык айдоо аянты бар. Райондун өзгөчө географиялык татаал шартына байланыштуу анын 9 миңден ашык аянтына гана сугат суу жетет. Анткен менен, өлкөдөгү ирригациялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен айдоо аянттарын кыйла көбөйтүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири болууда. Анын бири катары бир жылдан бери курулуп жаткан Ак-Кырчоо каналынын салынышы. Бул долбоорго жалпы 509 миллион сом каралган.

Жаңы салынып жаткан Ак-Кырчоо каналына Орто-Токой суу сактагычынан сугат суу алынат. Каналдын ишке кириши менен Тоң районунун Ак-Өлөң жана Улахол айыл өкмөттөрүнүн үч жарым миңден ашык айдоо аянтына сугат суу жетет. Азыркы тапта курулуш иштерин жүргүзүп жаткан мекеме каналдын экинчи катмарын куюп жатышат.