Жаңылыктар
Алыстагы ак халатчан мекендештер
Ден соолук
Алыстагы ак халатчан мекендештер

Орусияда миңдеген мекендештерибиз ар кайсы кесипте иштеп келет. Алардын катарында дарыгер кесибин аркалагандар да бар. Кыргызстанда билим алган тажрыйбалуу адистер медициналык борборлорду ачкан. Кыргызстандык ак халатчандардын медициналык жайларына бир гана жердештерибиз эмес башка улуттун эмгек мигранттары дагы кайрылат. 

Туулган жеринен алыс, акча табайын деп жүргөн мекендештерибиз оору сыркоодон алыс болгонго аракет кылышат. Бирок эртеби, кечпи ден-соолук акыры кабар айттырат. Мындайда адамды түшүнгөн, мээримин төккөн шыпаагер болсо жакшы. Москвада иштеген Айсалкын Козубекова дагы күтүүсүздөн сасык-тумоого чалдыгып, жердештерин издеп таап келген. 


Адатта Москвадагы ооруканалардын тейлөө наркы жогору. Бейтап бир күнгө 5-7 миң рублга чейин төлөйт. Ал эми кыргыз адистери иштеткен медициналык борборлор мекендештеринин капчыгын эске алган.

Россияда жердештерибиздин саламаттыгын караган адистердин басымдуу бөлүгү жаштар. Айрымдары иш менен бирге кесибин жогорулаткан билим алып, тажрыйбасын кеңейтүүдө. Жергиликтүү башка ооруканалар менен келишим түзүп тыгыз иштешет. Эгер оорулуунун абалы катуу болсо орус адистерине же болбосо Кыргызстанга жөнөтүлөт. Мегаполисте башка улуттун дарыгерлери ачкан медициналык борборлор дээрлик жокко эсе.
 
Кыргыз элчилигинин расмий маалыматы боюнча Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын 52% эркектер, 48% аялдар түзөт. Терс көрүнүштөр дагы жок эмес. Жугуштуу оору менен кайрылгандар арбын, арасында боюнан алдыргандар да бар.