"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2022-жылы аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу тобу маалымат жыйынында билдирди.
3 жылдан кийин соңуна чыгуучу "Түндүк - Түштүк" альтернативалык жолу 3 фазага бөлүнгөн. Биринчисинде - 160 чакырым жол менен Көк-Арт тоннелинин 4 чакырымга чукул бөлүгүн куруу каралган. Экинчи фазадагы жолдун узундугу болсо 99 чакырымды түзөт. Ал эми акыркы бөлүгүндө 70тей чакырым жол салынат. Учурда курулуш иштеринин 70% аяктады.
Ал эми Бишкек - Кара-Балта жолунун 23 чакырымы бүткөрүлдү. Кийинки жылы 30 чакырымы жасалат.
Региондорду өнүктүрүү долбоорунун алкагында 113 жол объектилерине асфальт төшөө иштери бекитилген. Учурда дээрлик бардыгында курулуш иштери жүрүп жатат. Республика боюнча 75,7 чакырым жолго болжол менен 296,8 миллион сомдук асфальт төшөө иштери бүттү. Ал эми Чүй, Жайыл, Москва, Кара-Буура, Манас, Араван, Сузак, Базар-Коргон жана Кара-Көл шаарында асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта жумуштун 75% бүткөрүлгөн.