Жаңылыктар
Бишкекте балдарды 1-класска кабыл алуу уланууда
Билим
Бишкекте балдарды 1-класска кабыл алуу уланууда

“Электрондук кезек” аркылуу документтерин онлайн тапшырууга жетишпей калган ата-энелер атайын комиссияга кайрылса болот. Учурда борбор калаанын 4 районунда кабыл алуу борборлору иштеп жатат.

Кымбат Озотаева уулун 1-класска киргизүү үчүн “Электрондук кезекке” катталууга жетишпей калган. Балдарды мектепке кабыл алуу уланып жатканын жаңылыктардан угуп, билим берүү борборуна келген.

“Электрондук кезек” тутуму азыр жабылган. Документтерин онлайн тапшырууга жетишпей калган ата-энелердин арызын атайын комиссия кабыл алып жатат. Болгону үч эле документ керек. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин паспорту жана жашаган жеринен тастыктама.