Жаңылыктар
Эмгек акысын ала албай кыйналган мекендештер
Мекендештер
Эмгек акысын ала албай кыйналган мекендештер

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгү, мекендештерди иштетип туруп, акысын бербей койгон иш берүүчүлөр менен күрөшүн улантып келет. 

Жыл сайын миллиондогон рубль каражат кайтарылат. Мигранттардын мындай мыйзамсыздыкка кабылышынын бирден бир себеби – эмгек келишимин түзбөй ишке кирип алдангандыгында болууда.


Курбу кыздар Нурзат менен Дилбар Кыргызстандын Россиядадагы миграцилык кызматына келишти. Бул жакка кайрылуусунун себеби да, мигранттарга абдан тааныш болгон маселе, айлык акысын убагында ала албагандык. 

Алардын айтымында, жеке ишкер Александр Разумовский аттуу жарандын цехине тигүүчү болуп бир ай мурда ишке орношкон. “Эмгек келишимин түзбөй, айлык акыбызды да бербей жатат”, - дейт алар.