Жаңылыктар
Тарых музей менен ат майданга байланышкан соттук иш жылдырылды
Коррупция
Тарых музей менен ат майданга байланышкан соттук иш жылдырылды

Тарых музейин реконструкциялоо жана ат майданын куруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу ишти кароо Сапар Исаковдун ден соолугуна байланыштуу жылдырылды. 

Кийинки соттук отурум 27-августта өтөт. Мурдагы өкмөт башчысы учурда улуттук госпиталда дарыланууда. 

Тарых музейин оңдоого байланыштуу Президенттик Аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева да айыпталган. 

Музейди реконструкциялоодо мамлекетке 101 миллион сом, ал эми ат майданды курууда 144 миллион сом чыгым келтирилгени кабарланган.