Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБ боюнча айыпталгандарды абакта кармоо боюнча чечим өзгөрүлгөн жок
Коррупция
Бишкек ЖЭБ боюнча айыпталгандарды абакта кармоо боюнча чечим өзгөрүлгөн жок

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталгандарды абакта кармоо боюнча чечим өзгөрүлгөн жок. 

Свердлов райондук сотунун айыпталуучуларды абакта кармоо мөөнөтүн 12-октябрга чейин узартуу тууралуу чечимин шаардык инстанция күчүндө калтырды. 

Айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчү райондук сотто канааттандырылбагандыктан, алар Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз адам айыпталып жатат.