Жаңылыктар
Ош шаарында бий кароо-сынагы уюштурулду
Маданият
Ош шаарында бий кароо-сынагы уюштурулду

Ош шаардык Маданият башкармалыгы тарабынан бий кароо-сынагы уюштурулду. Иш-чара СССРдин Эл артисти, белгилүү бийчи Чолпонбек Базарбаевдин элесине арналды.

Сынакка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 15 бий тобу катышуу үчүн катталган. Максаты - улуттук бий өнөрүн өнүктүрүү, анын өнүгүүсүнө салым кошуу жана көмүскөдөгү талант ээлерин алып чыгуу экенин уюштуруу тобу билдирет. 

Жаш бийчилердин талантын маданият кызматкерлеринен куралган калыстар тобу аныктайт. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө эл аралык бий фестивалына катышууга жолдомо жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат. 

Маалымат үчүн айта кетсек, Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайды аяктагандан кийин Москвадан стажировкадан өтүп, чеберчилигин арттырган. Сахнада СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева менен өнөктөш болгон. Базарбаев 2002-жылы жол кырсыгынан каза болгон.