Жаңылыктар
Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлөт

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Тиешелүү тапшырманы мамлекеттик органдарга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берди. Уюштуруу комитетин жетектеген Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматы боюнча, Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлгөн. 

Анын алкагында коомдук ишмердин өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, китеп басып чыгаруу, өлкөнүн мектептеринде ушул темага арналган ачык сабактарды өткөрүү жана башка бир катар чаралар белгиленген. 

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери бардык уюштуруу маселелерин биргеликте чечүүгө жана аларды натыйжалуу аткарууга тийиш экендигин белгиледи. 

Мааракенин алкагындагы бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл деди өкмөт башчы. Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн башатында турган. Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчысы болгон.