Жаңылыктар
Жол кырсыгынан жабыркагандарга кол сунган кыргызстандык таксист
Мекендештер
Жол кырсыгынан жабыркагандарга кол сунган кыргызстандык таксист

Орусиянын Перм шаарында өткөн ишембиде автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталган. 

Кырсыктан жабыркаган автобустун жүргүнчүлөрүнө биринчилерден болуп жардам колун сунган кыргызстандык таксист Бекзат Максатбек уулу болду.

Куткаруучулар келгенге чейин Бекзат автобустун ичине терезеден кирип, бир канча жардамга муктаж жүргүнчүлөрдү алып чыккан. 

Аварияга автобустун техникалык жактан жараксыз болгону себеп экенин тиешелүү мекемелер айтышууда.