Жаңылыктар
Сузак районунда кайрадан жер көчкү жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Сузак районунда кайрадан жер көчкү жүрдү

Сузак районунда кайрадан көчкү жүрдү. Жер көчкү Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу айылынын аймагында катталып, көлөмү 1 миллион 600 кубометрге жеткен. Көчкү бир окуучу баланы басып калганы айтылууда. Учурда аны издөө иши жүрүп жатат. 

Ошондой эле болжол менен 7 үй көчкү астында калган. Эскерте кетсек жаз чыкканы бул аймакта үчүнчү жолу жер көчкү жүрүп жатат. Буга чейинкилеринде олуттуу зыян келтирген эмес. 

Алмалуу айылынын аймагы 94-жылдан бери кооптуу деп эсептелип, жергиликтүү тургундарга бул аймактан көчүп кетүү боюнча эскертүүлөр тынбай айтылып келген.