Жаңылыктар
Борбор калаанын Ленин районунун аймагында өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
Борбор калаанын Ленин районунун аймагында өрт чыкты

Бүгүн, саат 11лерде Бишкек шаарынын Ленин районундагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө аталган министрликтин ыкчам тобу тартылган. Учурда  тийиштүү кызматтын адистери өрттү өчүрүнүн аракетинде.   Кошумча маалымат берилет.