Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды. Бул туурасында КРнын волейбол федерациясынан билдиришти. Азиянын зоналык чемпионаты ушул күндөрү 7 команданын катышуусу менен Непал өлкөсүндө өтүүдө.
Башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов баштаган улуттук курамабыз А группасында Непал, Мальдив аралдары командалары менен беттеш өткөрүп, эки беттеште тең жеңишке жетишип, мүмкүн болгон 6 упайга ээ болуп жарым финалга жолдомо алды.
Жарым финалда Кыргызстандын улуттук курама командасы А группасынан 2 -орунга ээ болгон команда менен беттеш өткөрөт.