Жаңылыктар
Жаңы дайындоолор
Кыргызстан жаңылыктары
 Жаңы дайындоолор

Эркинбек Осоев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Ошондой эле, Калысбек Жумаканов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп бекиди. 

Канатбек Муратбеков мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болду. 


Абдыкалык Рустамов болсо Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору кызматына дайындалды. 

Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Премьердин дагы бир Буйругу менен Сабир Атажанов Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору кызматынан бошотулду.