Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна барат
Саясат
 Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 21-22-августта Мамлекет башчысы Нарын облусуна барат. 

Жумуш сапардын алкагында Президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация тутумун калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. 

Региондун инфратүзүмдүк жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат. Ошондой эле, Президент алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.