Жаңылыктар
Бекназаров Ички иштер министрлигине күбө катары чакырылды
Саясат
Бекназаров Ички иштер министрлигине күбө катары чакырылды

Азимбек Бекназаров Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына күбө катары чакырылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 7-8-августтагы окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, ИИМдин Тергөө кызматы Азимбек Бекназаров 20-августта күбө катары көрсөтмө берүү үчүн чакырылды. 

Ал тергөөнүн сырларын жайылтпоо боюнча документке кол койду. Учурда Тергөө кызматы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, тергөө иштерин улантууда.