Жаңылыктар
Жалал-Абад: борбордук базардагы чыккан өрттөн 200дөй соода түйүнү күйүп кетти
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад: борбордук базардагы чыккан өрттөн 200дөй соода түйүнү күйүп кетти

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан өрт чыгып, 3 миң чарчы метр жери күйүп кетти. Кырсык 21-августка караган түнү саат 12лер чамасында катталды. 6 өрт өчүрүү унаасы тартылып, өрттү өчүрүү иштери 4 жарым саатка созулду. 

Борбордук базардын күйүп кеткен жеринде кийим кече, бут кийим жана кеңсе буюмдары сатылчу. Азырынча өрттүн келип чыккан себеби, келтирилген зыяндын көлөмү белгисиз, тактоо иштери жүрүүдө. 

Болжол менен 200дөй соодагердин соода түйүнү күйүп кеткени айтылууда. Бул Жалал-Абад базарында чыккан биринчи өрт эмес, былтыр ушул базардын азык түлүк сатылган бөлүгү өрттөнгөн.