Бишкектеги Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде чыккан өрт үй-тиричилик техникасы сакталган кампадан тутанган. Жалын менен өрт өчүрүүчүлөрдүн 8 бригадасы курөшүп, темир жол аркылуу цистерна суу жана автошаты тартылган. Тилсиз жоо каптаган жерде биздин чыгармачыл топ да иштеди.
Басымдуу бөлүгү үй-тиричилик техникасы сакталган кампада өрт толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо жалмаган жалпы аянт болжол менен 2800 чарчы метрди түздү деп бааланууда. Жеринде ӨКМдин ыкчам нөөмөт бөлүмү иш алып барды.
Кампадан чыккан өрттүн кесепетинен эки адам жабыркаган, алар Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди. Алдын ала маалымат боюнча, алар иске ууланган. Бир бейтаптын абалы орточо оор болсо, экинчисиники оор деп бааланууда. Азыркы тапта жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда, өрттүн кесепети иликтенип, келтирилген чыгымдар такталууда.