Жаңылыктар
Чүй облусунда ички жолдор оңдолууда
Аймак
Чүй облусунда ички жолдор оңдолууда

Чүй облусунун ар бир районунда ички жолдор оңдолууда. Анын ичинде жергиликтүү, стратегиялык жана эл аралык маанидеги дагы жолдор бар. Ошол эле учурда реконструкция болгон жолдордун айрымдары пайдаланууга четинен берилип жатат. Жол - экономиканын күзгүсү жана кан тамыры. Мындан улам башкы милдеттин бири - салынып жаткан жолдордун сапатына өзгөчө маани берүү.

Бул Жол-Булак - Боролдой жолу. Жолго асфальт төшөп жаткан жолчулар тынбай иштеп жаткан учуру. Апта башынан бери көлөмдүү жумуштарды аткарып үлгүргөндөр жуманын соңуна чейин бир чакырымга асфальтты толук басып бүтөбүз деп турушат.

Кемин районуна караган бул Жол-Булак - Боролдой ички жолунун узундугу бир чакырымды түзөт. Айылдын жолу союз маалында салынган боюнча оңдолбой турган. Эски асфальтты сыйрыган жолчулар, атайын техника менен жолду сүрүп, таптап чыгышкан. Жаңы жол менен каттаганга ыңгайлуу, эки тилкелүү болот. Мурда талкаланган аңгыл-дөңгүл жолдон каттаган тургундар зыңгыраган жаңы жолдун ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Кемин району боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражатына жалпы он чакырымдай ички жолдор оңдолууда. Ага улай жайлоого жана талааларга кетүүчү жолдор да салынып жатат.

Ал эми Чүй районунда да республикалык жана жергиликтүү бюджеттеги каражатка ички жолдор оңдолууда. Быйыл баш-аягы төрт чакырымдан ашыгыраак жол салынып жатат. Учурда анын эки чакырымдан ашык жолу же Кегети менен Прогресс жана Он-Бир-Жылга айылынын жолу асфальтталды. Бул Чүйдүн 4 районун бириктирген стратегиялык маанидеги жол.

Ошол эле учурда Токмок шаарынын ичиндеги да жолдор оңдолууда. Шаардын өндүрүш аймагына каттаган Сахзавод аймагынын Чокморов көчөсү оңдолуп бүттү. Гагарин көчөсүндө 1 чакырым 100 метрлик тратуар, ушундай эле узундукта ирригациялык тутум кошо салынды.