Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүндү
Экономика
Аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүндү

Аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүндү. Учурда бардык жергиликтүү бийлик органдардына долбоорлорду аныктоо тапшырмасы берилди. Бул багытта Вице премьер-министр Замирбек Аскаров сынактык комиссиянын экинчи жыйынын өткөрдү.

Азыркы тапта аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жүздөгөн долбоорлор келип түшүүдө. Эми ишкерлерге кеңеш берүү максатында банк тармагынын жана кепилдик фонддун өкүлдөрү элет жерине барып, долбоорду кантип ишке ашыруунун жолдорун үйрөтүшөт. Алардын макулдугу менен долбоорлор бекитилет.

Долбоорлордун ээлерине насыя алууда бир топ жеңилдиктер каралган. Анда пайыздык көрсөткүчү төмөн жана аны төлөө мөөнөтү узартылган. Мындан сырткары биринчи төлөмгө чейин ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жалпы бөлүнгөн 2 млрд сом каражат аймактардан келип түшкөн долбоорлорго жараша бөлүнөт. Чүй облусунда мүмкүнчүлүктөр жогору болгондуктан келип түшкөн долбоорлор да көп жана ар тармактуу болууда. Облус жетекчиси кайра иштетүүгө басым жасап, бардык келген арыздарды дыкат карап чыгып, реалдуу долбоорлорду ишке ашырууга уруксат берет.

Учурда бардык облус жетекчилери район башчылары менен биргеликте кайсыл долбоорлорду ишке ашыруу максаттуу болоорун талкуулап жатышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кыска убакыт аралыгында арасынан татыктууларын тандоо тапшырмасы берилди. Долбоор өлкөн башчысынын аймактарды өнүктүрүү демилгесинин алкагында ишке ашууда.