Жаңылыктар
Кемин аймактык ооруканасында бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлдү
Ден соолук
Кемин аймактык ооруканасында бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлдү

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Чүй облусунда алгылыктуу жумуштар жасалууда. Толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн Кемин аймактык ооруканасында бейтаптар үчүн баардык шарт түзүлгөн. Ал эми Бейшеке айылынын тургундары үчүн жаңы ФАП ачылса, Токмок шаарында жаңы төрөт үйү курулуп жатат.

Оорукананын мурдагы жана азыркы абалы асман менен жердей. Эки жылдын ичинде медициналык жай толугу менен реконструкциядан өткөрүлдү. Чатыры, саркынды суу тутуму толук жаңыланды. Сыртынан бери оңдолуп тегерек четинин баары көрктөндүрүлдү.

Оорукананын ичи да заманбап талаптарга ылайык оңдолду. Ар бир палатага суу киргизилип, жууна турган жайларына чейин орнотулду. Оорукананын оңдоо жумуштарына республикалык бюджеттен 22 миллион 400 миң сом бөлүнгөн.

Оорукана февраль айында иштей баштады. Ошентсе да оңдоо жумуштары дагы деле уланып жатат. Тамак-аш даярдоочу блок менен майда- барат курулуш иштери жүрүп жатыптыр. Эмки кезекте медициналык жабдуулар жаңыртылат. Андан кийин санариптештирүү жумуштары колго алынат. Учурда ооруканага опто-волокондук түйүн тартылды, андан кийин электрондук иш жүргүзүү башталат.

Бара-бара кадр маселеси да жолго коюлууда. Учурда “жаш дарыгерлер депозити” программасы аркылуу шаардан 6 дарыгер келип иштеп жатат. Алардын бири оорукананын төрөт бөлүмүндө иштеп жаткан акушер-гинеколог Гүлзат Сагынбекова.

Оорукананын мурдагы абалы кейиштүү болгонун айткан бейтаптар оорукана оңдолгону элдин саламаттыгы үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү дешет. Жаңы эле көз жарып, уулдуу болгон Адиля Жээнбаева төртүнчү баласын ушул ооруканадан жарык дүйнөгө алып келгенин билдирди.

Ал эми Токмок шаарында келерки жылы жаңы төрөт үйү пайдаланууга берилет. Учурда курулуш жумуштары жүрүп жатат. Бул үчүн шаар мэриясы Токмок шаардык ооруканасынын аймагынан 1 гектар жер бөлүп берген. Буга чейин Токмокто төрөт үйүнүн өзүнчө имараты болбогондуктан медициналык колледждин жатаканасында жайгашкан. Курулуш долбоорунун жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт. Бул каражатты “Ас-Сафа” фонду бөлүп берген. Ал эми Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бейшеке айылында жаңы ФАП курулуп эки ай мурда пайдаланууга берилди. Бул саамалык өзгөчө жергиликтүү тургундарды кубандырып турат. 



ФАПтын курулуш жумуштарына жана андагы медициналык шаймандарды алууга Арабдардын кайрымдуулук фонду тарабынан каржы бөлүнгөн. Бейшеке айылынын тургундарынын саны бир жарым миңден ашуун.