Жаңылыктар
Кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүлдү
Кырсык
Кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүлдү

8-августта үйлөрү өрттөнүп, учурда убактылуу чатырларда жашап жаткан Ош шаарынын Черёмушка кичи районундагы 6 үй-бүлөгө калаа бийлиги тарабынан жардам көрсөтүлдү. Ар бир үй-бүлө ээсине 8 миң даана кирпич, 10 миң сом жана азык-түлүк берилди. Маалыматтарга караганда, кырсык электр зымынын туура эмес туташуусунан улам келип чыккан. 

Натыйжада, 1 үйдөн тутанган өрт коңшу жайгашкан 5 үйгө жабышкан. Мындан улам, адистер тарабынан жергиликтүү тургундарга турак жай салууда коопсуздук эрежелерин, үйлөрдүн ортосундагы белгиленген аралыкты так сактоо, ошондой эле турак жайларды камсыздандыруу кеңештери берилди. Быйыл жыл башынан тартып, Ош шаарында 122 өрт кырсыгы катталган. Келтирилген чыгымдын суммасы 18 млн. сомдон ашуун каражатты түзгөн.

"2018-жылы үйүбүздү камсыздандырганбыз. Быйыл, буга убакыт болбой жүрдү эле. Камсыздандырып койгондо, курулушка жардам болоор беле. Кырсык айтып келбейт экен, барыңыздарды камсыздандырууга чакыраар элем. Эл-журт бар экен, биринчи күндөн тартып, жардам колун сунуп келе жатышат. Барына ыраазычылыгымды билдирем",- дейт Ош шаарынын тургуну Хасылжан Касымова.