Жаңылыктар
Кыргызстан-Казакстан: инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды
Саясат
Кыргызстан-Казакстан: инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды

21-августта Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК Башкармалыгынын төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.   

Ч.Айдарбеков саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырды.

Б.Сартбаев инвестицияларды тартуу боюнча «Kazakh invest» АКнын ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө айтып берди, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тарабы менен кызматташууга кызыкдарлыгын жана тажрыйба алмашууга, Кыргызстандын адистери үчүн стажировка уюштурууга даярдыгын билдирди.