Жаңылыктар
Жаш мугалимдер аймактарда иштөөгө жөнөтүлдү
Билим
Жаш мугалимдер аймактарда иштөөгө жөнөтүлдү

Жогорку окуу жайлардын педогогикалык факультеттерин бюджеттик негизде бүтүргөн 1 миң 531 жаш окутуучу республиканын ар кайсы аймактарына иштөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. ЖОЖдорду бюджеттик жана контракттык негизде 4 миң 186 жаш адис аяктаган. 

"1531 мугалимдин 131 мугалими чек арага жакын аймактардагы мектептерге жиберилди. Окуу жылынын башталышы менен иштөөгө жолдомо алган адистердин канчасы жумушка орношкондугуна мониторинг жүргүзөбүз", — дешти министрликтен.