Жаңылыктар
Индира Жолдубаевага иш козголуп, үй камагына алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Индира Жолдубаевага иш козголуп, үй камагына алынды

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, анын алкагында 20-августта мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага "Коррупция" беренеси боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү жиберилди. Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасы боюнча үй камагына алуу чечимин чыгарган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.