Жаңылыктар
Региондорду өнүктүрүү боюнча коомдук фонд түзүлдү
Экономика
Региондорду өнүктүрүү боюнча коомдук фонд түзүлдү

"Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Коомдук фондду түзүүнүн максаты - адамдык капиталды өнүктүрүүгө, региондордо ишканаларды түзүү жана колдоо, материалдык–техникалык базаны чыңдоо болуп саналат.

2017-жылдын сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун алкагында «Центерра Голд» компаниясы жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды колдоону өзүнө алат. Түзүлгөн фонд региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорго, экотуризмди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды жана долбоорлорду каржылайт жана колдойт. 

Өзгөчө, региондордо жаңы ишканаларды түзүүгө жана колдоого, экспортко багытталган өндүрүштү колдоого, инновациялык технологияларга, кайра жаралуу энергия булактарына, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана куроо өндүрүшүнө көңүл бөлүнөт. Макулдашуулардын алкагында Фонддун пайдасына бир нече транш менен 10 млн доллар түшүүсү, ошондой эле жылдык жалпы кирешеден 0,4 пайыз өлчөмүндө жыл сайын түшүүлөр пландалууда.