Жаңылыктар
Баткен облусунда 221 мектеп интернетке туташтырылды
Аймак
Баткен облусунда 221 мектеп интернетке туташтырылды

Өзгөчө стратегиялык мааниси бар Баткен облусунда 221 мектеп интернетке туташтырылды. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта бардык тармактарда, өзгөчө жол курууда, айылдарды таза суу менен камсыз кылууда, жаңы иш орундарын түзүүдө иштер алгылыктуу жүрүп жатат. 

Бул максатта республикалык бюджеттен каражат жетишээрлик деңгээлде бөлүнүп берилген. Баткен облусу мөмө-жемиштерди жана айыл чарба продукциясын өндүргөн регион катары эсептелгендиктен, бул багытта жетишкендиктер мыкты. 

Айыл чарба продукциясынын дүң көлөмү 4 жарым миллиардды түзөт. Ошондой эле, жаңы жерлерди өздөштүрүүдө чоң ирригациялык долбоорлор жүрүп жатат. Өкмөттүн 2017-2026-жылдардагы ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында, 8 ирригациялык объектилер ишке киргендигин кошумчалады.