Жаңылыктар
Бишкек - Москва каттамы боюнча поезд билеттеринин баасы арзандайт
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек - Москва каттамы боюнча поезд билеттеринин баасы арзандайт

Бул тууралуу кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, жүргүнчүлөрдүн кенен кирип-чыгышына шарт түзүү максатында келишим түзүлгөн. Учурда "Кыргыз темир жолу" ишканасы баанын арзандашы менен, жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп, мигранттарга жетиштүү шарттар түзүлөт деп ишенишет.


Келерки жылдан баштап поезд каттамдарында билеттин баасы вагондордун категориясына жараша 18-19% чейин арзандайт. Мындан сырткары ушул жылдын сентябрь айынан тарта "Кыргыз темир жолунун" кассаларында Россия, Казакстан жана Беларустун ички каттамдарынын билет баасы төмөндөйт.


Төлөмдөр Орусиянын ички аймагында арзандатылган баада эсептелет. Азыркы тапта Самарадан Саратовго чейинки поезддин баасы 4120 сомду түзсө, 1-январдан баштап 1581 сом болот. Ушундай эле арзандоолор башка каттамдарда да 20% төмөндөйт.

Учурда Бишкек - Москва каттамы боюнча билеттин баасы плацкартуу вагондо 15 861, ал эми вагондор 22 540 сомду түзөт. Бул баалар жаңы жылдан тартып 4 миң сомго чейин ылдыйлат.