Жаңылыктар
Көчкү алдында калган өспүрүм табыла элек
Кырсык
Көчкү алдында калган өспүрүм табыла элек

Сузак районунда көчкү астында калган окуучу баланы издөө аракеттери уланууда. Ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруу тобу, техниканын жардамы менен иштеп жатат. 

Эске салсак, кечээ кечке маал саат бештер чамасында Сузактын Алмалуу айылынын жанындагы тоодон көчкү түшкөн. 

Алдын ала эсептөөлөр боюнча көчкүнүн көлөмү жүз миң кубметрди түзөт. Көчкү тоо этегине жанаша жайгашкан жети үйдү басып калган. 

Үйлөр бош тургандыктан эч ким жабыркаган эмес. Бирок ошол эле маалда тоо этектеп короодо иштеп жаткан балдардын бироо качканга жетишпей көчкү астында калганы айтылууда. Азырынча ал баланын тагдыры дайынсыз.