Жаңылыктар
“Бишкек штамптоочу заводу” мамлекетке киреше бере баштады
Экономика
“Бишкек штамптоочу заводу” мамлекетке киреше бере баштады

“Бишкек штамптоочу заводу” мамлекетке киреше бере баштады. Учурунда Кыргызстандагы эң ири ишканалардын катарында болуп келген заводдо өлкө эгемендүүлүк алгандан бери иш солгундап, чыгашасы көбөйө баштаган. Узак жылдардан бери быйыл алгачкы жолу кирешелүү болуп, мамлекетке алты айдын аралыгында 20 миллион сом төктү. Өндүрүш дагы жогорулашы мүмкүн.



“Бишкек штамптоочу заводунда” учурда төрт жүздөй адам иштеп жатат. Сексен жылдык тарыхы бар ишкана ар учурда ар кандай көлөмдө ок дары өндүрүп келген. Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгону заводдо иш солгундап, жумушчулар да азайган. Каныбек Саргалдаев сыяктуу көп жылдан бери иштеп келгендер учурда саналуу гана. Соңку эки жылдан бери өндүрүш кайра жанданып, жумушчулар да көбөйө баштады.


Оор абалда болуп келген заводду ишенимдүү башкарууга берилген жеке тараптан алып, өкмөт 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөргөн. Ишкана узак жылдардан бери быйыл гана киреше тапты. Алты айдын аралыгында мамлекеттик ишкана казынага 20 миллион сом төккөн. Ок дарылар Россия, Казакстан, Беларусь, Польша, Чехия, Түркия жана башка өлкөлөргө экспорттолууда. Калган жабдуулар октун башка түрлөрүн жасоого ыңгайлашкан. Ишкана жетекчилиги ал үчүн да тапшырык кабыл алууга даяр.